Ай Көл

Модернист акын М.Рысбековдун кечеси өтөт

Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын академиги, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Муратбек Рысбековдун 70 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт. Кече А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында 2025-жылдын 29-апрелинде саат 14:00дө башталат. Акындын чыгармачылыгы жөнүндө адабиятчылардын, акындардын пикирлери айтылып, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш таланттары тарабынан ырлары окулат. Кирүү акысыз. Жалпы күйөрмандарды чакырабыз.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top