Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 1969-жылы төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин 1992-жылы бүтүргөн. Мындан тышкары Анкара университетинин түрк тили курстарын аяктап, Стамбулдагы “Гендаш” басма үйүндө котормочу болуп эмгектенген. Ал жерден Борбор Азия элдеринин жомокторун түрк тилине которуп, 5 китеби басылып чыккан.
Алгачкы кыска эссе-аңгемелери китеби “Издөөнү табуу” 2005-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Түндөгү караңгы” ырлар жыйнагы 2018-жылы чыккан.
Ырлары түрк, өзбек жана кытай тилдерине которулган. Анын ырлары 2021-жылы өзбек тилинде жарык көргөн 100 томдук “Түрк адабиятынын шедеврлери” жыйнагына кирген.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.