Ай Көл

Лайли Үкүбаева: Арстан жүрөк алп акын

Кыргыз Эл акыны, КРнын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Анатай Өмүркановдун илгертен күйөрманы болуп, чыгармачылыгы менен кыйла эле жакындан тааныш болсом да бүгүнкү күнгө чейин агайдын адресине эки ооз жылуу сөз айтып коюуга бурчам келбеди. А жашоо, өмүр дегениң зымырык куштай шуу этип өтүп кете берди, кете берет экен… Кумир туткан канчалаган таланттарыбызга учурунда айтылбаган сөзүбүз арман болуп кала берди, аттиң дүйнө! Кыргыздын арстан жүрөк алп акыны Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгы боюнча эки ооз жылуу сөз айтуунун удулу 80 жылдык маарекесине туш келип олтурганына да кудайга миң мертебе шүгүр!

            Анатай Өмүрканов — эки доордо жашап, орошон поэзиясын эки доордо жаратып, бактылуу карылыктын дооруна маңыздуу да, мактанычтуу да келген акын десек жарашат.

            Ар бир таланттын чоң адабиятка келишинин кичине болсо да тарыхы, себеби, башаты болот. Анатай агайдын поэзиясына кайрылып жатып анын колуна калем карматып, алгачкы ыр саптарын жаратуусуна, ичинде бугуп жаткан талантынын, “вулканынын”, атылып чыгуусуна кандай күч себеп болду экен деген ойдо болдум. Адатта кээ бир чыгармачыл инсандар ал тууралуу ачык айтып, ал турсун чыгармаларында чагылдырып да кетишет. Ал эми кээ бирлеринде бул катылган сыр, окуучусу өзү ой калчап изденип, болжолдоп болсо да таап алышы керек. Маселен акын Турар Кожомбердиев “Кызыл алма” аттуу ыр жыйнагында (1965) кантип акын болуп калышын “Сүйүүгө” аттуу ырында:

Сүйүү сага кызмат кылдым ченебей,
Бирок мени жылытпадың кенедей.
Жалбарганмын, боздогонмун сен үчүн,
Жалгыз уул каза болгон энедей.

Канча жолу жылдыз санап ойлонттуң,
Канча жолу мышык-чычкан ойноттуң.
Кайсы убакта? Чыгып кетти эсимен,
Капысынан акын кылып ойготтуң…

(Т.Кожомбердиев. Кызыл алма. Ф.: Кыргызстан. 1965-109-б.) деп ачык мойнуна алат. Сүйүүдөн эмгеги кайтпаган акын өзүнүн психологиялык абалын “жалгыз уулу каза тапкан энеге” салыштырып жатып (мындан өткөн азап барбы ? –Л.Ү), бирок азаптуу сүйүү аны күтпөгөн жерден акын кылып кайрадан жаратышын антитезалык стилдик ыкмада “жарк” эттире чагылдырып салганын караңыз!

            А.Өмүркановду кандай күч акындыкка алып келип, колуна талант чырагын жандырды экен? – деген суроонун жандырмагын акындын алгачкы ыр жыйнактарынан: “Мөлтүр сезим” 1973, “Чабалекей” – 1977, ал турсун ХХ кылымдын 80-жылдарында жарык көргөн “Алтын өзөн” – 1980, “Күн жол” – 1983, “Бар бол” – 1986, “Жашыл өрөөн” – 1988, издеп тапкансыдым. Менин баамдашымча, ал нерсе кантсе да туулуп-өскөн айылы, Ата-Мекени, ата-энесинен алыста жүргөн жаш уландын, эң жакын адамдарына, өз үйү – өлөң төшөгү кыргыз жерине болгон албуут сагынычы, кусалыгынан жаралгандай… (Окурмандын бардыгына эле белгилүү болсо керек, Анатай агай ЖОЖду бүтөрү менен Тажикстандын Мургаб айылына мугалим болуп иштөөгө өз каалоосу, жаштык романтиксы менен барганы-Л.Ү). Албетте, мындай дегендик Памирге баргыча келечектеги акында дегеле таланттан шобурат жок болгон экен, анан Памирге келип эле сагыныч, кусалыктан олтуруп эле ыр жазып кирген дегенди түшүндүрбөйт. Болгону жаш таланттын поэтикалык дүйнөсү улуу Памирде кырдаалга жараша илхом чакырып, талант дареметинин толук күүгө келишине себепкер болгондой деген ой келет. Акындын алгачкы лирикаларында махабат темасы Турар акындагыдай аны толкундуу азапка али сала электей туюлду мага. Бул тууралуу “Жалгыз жашаган үйүмө” деген бир ырында:

Сыр жашырбас жансыз тамым, сен уккун,
Биле электе даамын сүйүү-ырыстын,
Бирге болуп, бар-жогумдун башында,
Сен чекемди, жүрөгүмдү жылыттың –деп, кара жанына караан болуп, дем-күч берген белгисиз бир албуут сезим эмес, өзү жалгыз жашаган үйү болгонун айгинелейт.

            Жогорудагы ыр жыйнактарындагы ырлардан А.Өмүрканов өз мезгилиндеги жаш талапкерлердей эле жупуну, көркөм-эстетикалык жактан анча жетиле бербеген чыгармалары менен чоң адабияттын астанасын аттаганы көрүнүп турат. Бирок да ырларынын тематикасы бай, идеялык мазмундары, автордук позициясы айдан ачык, автордун жалган пафос, жалтырак сүрөттөөлөргө умтулбаган табыгыйлыгы окуучуну өзүнө тартат. Мисалы “Мөлтүр сезимде” Памир жаратылышы, үйүн сагынуу, ата-энесине болгон балалык кусалыгы жаш акындын мөлтүр сезимине чайынып сүрөттөлсө, “Чабалекейде” адабиятта түбөлүк темага айланган согуш, күтүү, эрдик, тынчтык, жашоонун түбөлүктүүлүгү, мезгил, табият көркү темаларына басым жасалат. “Алтын өрөөнүндө” айыл темасы, мугалим, өмүр, сүйүүгө арналган саптар орун алган, ошондой эле наристенин аруулугу, көңүлдүн назиктиги поэтизацияланат. Адам психологиясындагы аракечтик, акчага тойбогон ачкөздүк ж.б. кенемтелер автордун келишкис антипатиясынын призмасынан жеткилең образдуу тартылат. “Күн жолдон” баштап акын коомдогу социалдык, саясий маселелерге ырааттуу көңүл бурганын баамдасак болот. Ата-эне мээримине кандырбас “Балдар үйү”, Улуу Ата – Мекендик согуштан эс-акылын жоготуп, жарым акыл болуп келген жоокердин трагедиясын чагылдырган акындын саптары окуучусунун жан-дүйнөсүнө бүлүк салат:

Алжаңдайт, келжеңдейт,
-Ажалдан келгем –дейт.
Төшүндө ар түрдүү,
Значок шаңгырайт,
Ал аны: Майданда
мен алган орден дейт-,
Каткырат.
Күлкүсү
Ыйындай угулат- деп сүрөттөйт. (А.Өмүрканов. Тандалма – 1. Бишкек. 2015, 140-б. Мындан аркы ырлары ушу китебинен берилет).

Бул саптардагы “шаңгыраган значок-ордендердин” согушта акыл-эсин, адамдыгын жоготкон жоокер үчүн бир тыйын экендигин анын “ыйындай угулган күлкүсүн” сүрөттөө менен автор жоокердин аянычтуу облигин тартып, окурманынын жүрөгүн зилдетет, согуштун адамзат үчүн канчалык бүлүндүргүч экенин эске салат.

            Акындын ХХ кылымдын 70-80-жылдардагы жазган ырлары Совет доорунун беймарал мезгилине окуучусун алып келерин байкадым. Элестетиңиз, асман көпкөк, токум булут жок, теребел мелтирейт, ачык асман алдында толкунсуз мемиреген көл. Анын тереңдиги да, касиети да билинип билинбейт, сырдуу. Болгону жан дүйнөң менен жашап, ырахаттана бил… Анатай акын да Совет доорунун адамы, акыны катары ушундай жашоону баштан кечирип жашап, өз чыгармаларын жараткан экен. А.Өмүркановдун ал мезгилдеги ырларын маанай ырлары деп атагым келди. Акын жашоосунда эмнени баштан өткөрсө, эмнеге суктанса, эмнени максат кылса, эмнеге куса болуп, эмнени сагынып самаса, дүйнө, өмүрдү кандай тааныса бардыгы анын ырларынын өзөгүн түзүп турат. Албетте, акындын жаш болсо да турмуш чындыгына зирек караган, адилет, актыкты сүйгөн, ырларына агынан жарылганы ал жараткан ар бир саптан байкалып, анын чыгармачылык индивидуалдуулугунан кабар берет. Ошол алгачкы же чыгармачылыгынын биринчи этабын түзгөн поэтикалык изденүүсүндө кийинки залкар акын Анатай Өмүркановдун поэзиясынын өзөгүн түзүп, анын чыгармачылыгынын башкы темасына айланган Ата-Мекен, ата-эне, арзуу ырлары өзгөчө бөлүнүп турганын баса белгилегим келет. Алар ошол күндөн ушул күнгө күүлүү жашап, кыргыз поэзиясынын классикалык чыгармаларына айланып олтурат. Мынакей алардын айрымдары: “Энекем”, “Мен алыстан сагынганда апамды”, “Атакем”, “Атам түндө караган”, “Атамдын керээзи”, “О, эненин кудурети”, “Апам ооруганда”, “Тууган жерге”, “Памир тоолоруна”, “Тоодогу бир элес”, “Ош түнү”, “Ак тилек”, “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Жандай көргөн адамым”, “Суктануу” ж.б. Аталган ырларына музыканттар сонун обондор чыгарышып, алар болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болуп, калктын калың катмарына сиңип кетти.

            А.Өмүркановдун бул жылдардагы лирикалары идеялык-тематикалык жактан эле эмес, формалык жактан дагы ошол мезгилдеги кыргыз поэзиясынан айырмаланган эмес, кадимки эле салттуу ыр формасында жазылган. Ал кезде жыңыдан “модага” алынып бара жаткан ак ыр, эркин ыр формаларында жазып, эксперимент да кылбаптыр. Алар тек кана жаш акындын дүйнө таанымын, чыгармачылык кредосун окурманга тааныткан жайдары, салмактуу саптар болгон. Алардагы граждандык пафос да оор басырыктуу, публицистикалык күчтүү илептер да ал мезгилдеги Советтик элдин жашоо жагдайы кандай болсо ошого шайкеш, бир кылка. Балким жашоо-шартыбыз ошол бойдон бир нукта, Советтик нукта дегеним, улана берсе Анатай акын да оор басырыктуу мүнөзү менен оор басырыктуу ырларын жазып, Советтик акындардын салабаттуу сабында келе берет беле, ким билет?

            1990-жылы тарыхтын нугу күтүүсүз өзгөрүп, дүйнөлүк социалисттик ситеманын рупору болгон көп улуттуу СССР мамлекети кулап, анын карамагындагы 15 союздук республика өз алдынча түтүн булатып, адамзаттын эңсөөсүнүн туу чокусу болгон эгемендүүлүк деген бийик статуска ээ болуп, жаңы багытты беттеген, жаңы турмуш башталды. Нак ушул тарыхый кырдаал Анатай Өмүркановду таанылгыстай кылып өзгөрткөнүн байкадым. 1991–жылы жарык көргөн “Жанкисе” аттуу ырлар жыйнагындагы лирикалары менин бул айтканыма күбө. Акын ушуга чейинки ичинде зилдеп, бирок ачыкка чыгара албай жүргөн көйгөйлөрдү ачык айтып, ак сүйлөөнүн чыгар сааты келгенин чапчаң түшүнүп, окуучусуна минтип кайрылат:

Жанкисемде атпай калган огум бар,
Ошол огум тийбегенге тийчүдөй.
Жанкисемде айтпай калган сөзүм бар,
Ошол сөзүм тийген нерсе күйчүдөй.
Күйсө күйсүн, айтаарыңды айт кана!
Бирөө жылыыр, бирөө күйүп күл болор,
Дал бутага тийген октон айлана,
Мүмкүн дагы аз да болсо оңолор.
Кылым кыркып келген Чындык салмагын,
Келет октой сөзүм менен кармагым.
Үтүрү аз, үшкүрүгү көбүрөөк,
“Жанкисемде” бил канчалык жан барын.
(“Окуучума”.А.Ө. I т. 249-б.)

            Акындын бул ыры автордун поэтикалык изденүүсүнүн мындан аркы курсун, багытын аныктаган программалык ыры деп айтууга негиз бар. Совет бийлигинин тушунда эркиндик, теңдик бар деп, ушу сөздөргө чындап ишенип, ишенгибиз келип жүрсөк да реалдуулукта борборго, Коммунисттик партиянын саясий идеологиясына биротоло көз карандылыгыбыз айныксыз чындык болгону ырас. Акын айткандай, “Кылым кыркып келген Чындыктын салмагын” түшүнүп, аны элге ачыктоого башта дегеле мүмкүн болбогонун окурман жакшы билет. Башканы коюп “Манасты айт” дегендей эле СССРдин “өнүгүү” маалында республикабыздын борбору Фрунзе шаарыбызда кыргыз тилинде бир гана мектеп болуп, улуттук тилде бир дагы бала бакча болбогону эмнеден кабар берет? Андан да кейиштүүсү ал туурасында “лам” деп ооз ача албаганыбыз болбодубу! Ушул маселени кабыргасынан коюп, улуу жазуучубуз Ч.Айтматов КПССтин бир съездинде сүйлөгөнү эсибизде, Айтматовду ошондогу “жосунсуз жоругу” үчүн КГБ сары изине чөп салып, далай эле кысымга алыптыр. Бул туурасында Роза Айтматова эже бүгүн азыноолак кеп кыла коюп жүрөт.

            Эгемендүүлүк элибизге асмандан Алланын буйругу менен түшүп калгандай күтүүсүз бир окуя болду. Жаңы коомдук-экономикалык формацияга өтүү мамлекетибиз үчүн да, элибиз үчүн да кыйла оор түйшүк жаратты. Мамлекетти өнүктүрүүнүн старатегиялык планы жогунан элдин башына оор мүшкүл түштү. Ага кошумча мамлекетти башкарууну эл ишенип берген алгачкы, кийинки президенттерибиз өлкөнү саясий-экономикалык туруктуулукка алып келе алышпады. Эл кыйналды, чачылды, чайпалды. Кыргызстандагы жөнөкөй эмес бул кырдаал акын- жазуучуларыбыздын жан-дүйнөсүнө тынчтык бербеди, алардын ар кимиси колдорунун келишинче, талант дараметтеринин жетишинче учур көйгөйүн өз чыгармаларында чагылдырышып, багытынан адашып, айла-амалы куруп турган элдин көзүн, көкүрөгүн ачууга аракет кылышты. Ошолордун арасынан А.Өмүркановдун акындык дүбүртү башкача чыгып, ырларында жылаңач чындык чыркырап турду. Нак ушу шартта акындын ыр жыйнактарынын атында да, затында да чукул бурулуш болду: “Жанкисе”, “Күндөгү так”, “Асмансыз жылдыздар”, “Тушалган чагылган”, “Жалгыздык ыры”, “Кайрыктар”. Метафоралашкан бул аталыштар окуучусуна көп нерседен алдын ала кабар берип, анын көңүлүн тап жылдырбай өзүнө тартты. Нак ушул эгемендүүлүк жылдарында акындын хандан бектен кайра тартпаган кашкөйлүгү, жеке кызыкчылыктан коомдук, элдик кызыкчылыкты жогору койгон ченемсиз патриоттуулугу, адамдык, инсандык аппак дили, жубардай таза адамкерчилиги, абийир-нысаптуулугу окуучусун бир эсе таң калтырса, бир эсе “бали!” дедиртип ыраазы кылды, активдүү граждандандык позициядагы курч лирикаларын жазып, учурдун трибун акынына айланды. Анын поэзиясында лирикалуулуктан публицистикалуулук басымдуу боло баштады. А.Өмүркановдун поэзиясындагы оргуштаган мындай сапат бекеринен жаралбаган чыгар. Орустун улуу теоретик окумуштуусу Алексей Бушмин өз мезгилинде: “Под активностью писателя можно подразумевать его каличественную продуктивность, его профессиональную отзывчивость на злобу дня, его энергию, оперативность, с какой он осуществляет свое писательское дело, его участие, наряду с творческой работой, в гражданской деятельности своего общества и.т.д”-деп, Анатай агай сындуу активдүү жазуучуларга так аныктама бериптир. (А.Бушмин. Наука о литературе. М.:1980. С.270-271).

            Акындын поэтикалык кароолунда номер биринчи маселе болуп улуттук тилибиздин тагдыры турду, тилге байланыштуу маселелерди акын катуу, курч жазды, улуттук намысыбызга тие жазды:

Кыргызча бир сөз билбей,
Кыргыздардын тагдырын чечип жаткан.
кыргыз менен манкурт бирдей,
Энесине жаа тарткан. (I т. 250-б.)

Уят эмеспи,
Республика болуп туруп
Кыргыз тили өкмөттүк тил
Боло алабы дештин өзү?! (1. 253-б)

Коркомун
да бир күнү
Бууга айланып кетеби деп
Ушул тоолор.
Коркомун, кайып болуп кеткен куштай,
Эне тилим жоголот деп
Ушу бойдон (I т. 256-б).

            Акындын жогорудагы ж.б. ырлары эгемендүүлүк мезгилиндеги акындар Э.Ибраев, Ш.Дүйшеевдердин тил тагдыры жөнүндөгү хорунда ансамбль түзүп турду.

            Эгемендүүлүктүн жылдарында эзелтен элибиз баалап, барктап келген улуттук баалуулуктарыбыздын баасы өчтү, абийир-ыйманды жоготтук, акчанын арааны жүрдү, айтор “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген баш аламан жашоого келдик. А.Өмүркановдун лирикасында ал күндөрдүн понорамасы кеңири жана түркүн түстө көркөм чагылдырылды:

Ооруканага
Жаткандай түрмөдө,
Жаткылык кылбасын
Мүнөткө.
Айыгып кетсин эмес,
Не бересиң?
Врачтардын көзүндө. (“Оорукана”. I т. 263-б.)

А бийлик кылбайт айтчы эмнелерди,
директор болуп бир кез өзбек келди
Айылым унутуп салып кыргызчаны,
Бир жылда сүйлөп кетти өзбекчени. (“Айылдаштарыма”.(I т. 263-б).

Өтүгүн майрык баскан милициянын
Пенсиясы сеникинен үч эсе көп,
Өмүр бою пара алган соода башчы
Пенсияда
Үйүн көрсөң тим эле
Хан өңдөнөт.
Өмүр бою кыл тырмаган сенин үйүң
Ат кирип, ит чыккандай,
Айтамын кимге теңеп?!

Айткандан эмне пайда?
Азыр ырдан арыз жазуу пайдалуу – дейт.
Чоңдорго арыз жазгым келет:
Комуз черткен колду бир аз барктагыла,
Күү көчүнүн акыркысын
Сактагыла!
Күлүккө жүк артпагыла! (“Кыдырназаровдун бозосу”. I т. 273-б).

            Акын эгемен өлкөнүн алдыңкы жылдарындагы көйгөйлүү жашоосун чагылдырып коюу менен чектелбейт, ал жашоого алып келген коомдук турмуштун объективдүү, субъективдүү себептерине баш оорутуп, чыныгы себептерин издейт, активдүү граждандык позициядан туруп, экономикалык-нравалык кризистен адамдарды, мамлекетти чыгаруунун жолун издейт. Калп айтканда эмне, адамдык жүзүн жоготпой, эл мүдөөсүн ойлонуп, бийликке жакшы-жаман көрүнгөндүн ордуна чындыкты айтуудан чычая качып, өз кызыкчылыгы үчүн адилетсиз бийликтин колтугуна кирип кеткен Арзымат ырчыларыбыз да болбой койбоду. Бирок да Анатай акын андай пастыкка барбады. Тескерисинче “Алыбекти атынан атап”, чындыктын ак боз атын минип, канжарын абийирине кайрап, адилетсиздик, акмакчылык менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турду. Эч нерседен коркподу, жалтанбады, кайра артына кайтпады! Нак ушул жылдары акындык, атуулдук кашкөйлүгү А.Өмүркановдун беделин болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Ушунун өзү акын үчүн канчалык сыймык! Анын “Обком чалдар”, “Кыйкырамын келечекке, эртеңге”, “Жан кашайганда”, “Оо, кудурет үйү күйүп үмүттүн”, “Хан аз күлөт дечү эле”, “Ушул күнгө ким апкелди”, “Канталамай”, “Уулуң кана?”, “Күндөгү так” ж.б. ырларында ошо кездеги президент Аскар Акаевдин аты ачык аталып, анын жетекчилигинде өтүп жаткан жетесиз иштер болуп көрбөгөндөй курч сындалды:

… Арты туман, алды туюк,
Күн апкелдиң  түрү суук.
Энесин кыз муунтуп,
Келесоону гений дешкен
Короздордун күнү тууп… (I т. 332-б.)

            Бул ырдагы саптын башы жана аягындагы көп чекиттер айтылып-айтылбай калган көп армандан кабар берет. Автор дале көп маселени айтып жобураса болмок, бирок да сөз баркын билген тормозу бекем талант ары жакта айтылбаган көп сөз калганын көп чекиттер менен туюнтат. Орус элинде “лучще многоточие, чем многословие” деген кыт куйгандай так сөз бар, автор чеберчилик менен бул ж. б. ырларында аталган ыкманы ийгиликтүү колдоно билген.

            Анатай Өмүркановдун эгемендүүлүк жылдарындагы поэзиясы – албуут, курч, демдүү, тазарткыч касиетке ээ ырлар. Акын көркөм сөз каражаттарынын бай арсеналын: диалог, реплика, сарказм, ирония, риторикалык кайрылуу, риторикалык суроо, бай эпитет, салыштыруу, пауза, какшык ж.б. ыктуу, чебер колдоно билет, алар болсо өз учурунда акындын поэзиясынын кайталангыстыгын, эмоционалдуулугун камсыз кылат. Ырларынын идеясы айкын, тарбия-таалимдик мааниси күчтүү. Өз чындыгы эле эмес, мезгил талап кылып турган чындык үчүн башын сайып күрөшүүгө дайым даяр. Акындын чыгармачылык концепциясынын өзөгүн түзгөн атуулдук бекем позициясы – окуучусуна дайыма үлгү!

Элге боор толгоп, болдум оорулуу,
Баш аламан базар үнү болду уу.
Кармап кетээр караңгыда келгендер,
Токтогулду кармап кеткен сыяктуу.
Миң кармасын, келет менин камалгым,
Абакта да калк деп кайраттанармын.
“Жан берсең элден азап кетет десе”
Ошол замат жан берүүгө даярмын! – минтип эли-жерин чексиз сүйгөн улуу акын, адам гана айта алат! Акындын ыр саптарындагы мындай сөздөр куру сөз, жалган, жалтырак фразалар эмес. Ал эч бир бийликтин тушунда мүңкүрөп бечара болуп калбаптыр. Бөтөнчө биринчи президентибиз А.Акаевге эң көп ыр арнаганын өзгөчө белгилегим келет. Эл үмүтүн таш каптырган анын маскарапоз кейпи акындын ырларында өтө ар тараптуу, чучукка жеткендей курч сүрөттөлөт:

Дулдулуңдап душман санап өз элин,
Калк казанын талкалады оюнча.
Билбейм кандай академик экенин,
Бирок гений болду эл жеш боюнча. (“Президент А.Акаев түз эфирге чыкканда”. II т. 266-б.)

Жагынба, күлбө, жылмайба,
Жакшы эмес элдин бир да айлы.
Президент болсоң сен кайра,
Эл байкуш өлөт турбайбы… (“А.Акаевдин президенттик шайлоого дагы коёрун укканда”. II т. 268-б.)

Тегиз жолду издеп таппай оңгонго,
Теңирлүү эл тентиреди жон-жондо…
Тууган элиң туйлап – ырдап, тойломок,
Туулган күнүң өлгөн күнүң болгондо. (II т. 269 -б.)

Жаттарга жакын, өзгө кас,
Жагымпоз кыргыз көзүндү ач!
Өстүрөм деп өрүшүң,
Өлтүрүп коёт бу таз баш. (II т. 277-б.).

            Президенттик бийлик күчүндө турганда бир тынбай анын адресине ачык чабуул коюп, бет пардасын сыйырганга духу жеткен алп акынды арстан жүрөк дебей анан эмне дейсиң?! Өз элинин жалтаң, мажирөөлүгүн сындап, элине жаны ачып, көзүн ачууга чакырык таштайт. Менин баамдашымча, азыркы кыргыз поэзиясында өмүркановчо башын баталгыга сайып коюп, бийликтеги, коомдогу өнөкөт ооруга айланып бараткан адилетсиздикке, акмакчылыкка каршы тикеси менен тик туруп ырааттуу каршылык көрсөткөн, күрөшкөн акындар деле болгон жок. Бакиевдин кандуу жылдарында да тилин тартып, бийликке тизе бүкпөдү. “Кыргыз эмес кыргыз үчүн таттуу сүйлөйт…” деп, К.Бакиев президенттикке келээри менен:

“Президент шайланды жаңы гана,
Интернационал! Кудай берди баарыбызга!
……………………………………………………………..
Элиң жыргайт, ташың да ырдайт,
Бул кылганды эч ким кылбайт!…
“Шайлаганбыз так ушинтип Аскар тазды,
Ал калмагың эл тентитти, жерди сатты.
Каны дуңган, жаны кыпчак Бакиевиң
Айныбастан Акаевдин жолун чапты.
Зили башка, дили бөлөк улуттарга
Хандык берип аңкоо кыргыз эмне тапты?
………………………………………………………………
“Жат жалгабайт өз өлтүрбөйт!” Ошондуктан
Кыргыздарга кыргыздан хан болгон жакшы!..” (II т. 319-б.)

            Ушинтип элинин тагдыры тынчтык бербеген акын жүрөгү зилдеп, элине кайрылат, бирок да сөз чындыгынан бузулбайт деген сыңары Акаев, Бакиев сепкен үрөндүн өнүмү катары болгон кийинки кыргыз президентибиз А.Атамбаевден да элдин тумшугу жылыбаганын көргөн акын, “Эсойготор” ырлар циклын жазып, манкуртка айланып бараткан элибиздин аң-сезимин ойготууга күч жумшады, ар бир ырында агартуучулук милдетин ак аткарды. Ошондуктан акындын:

Айтылбастыр, мүмкүн кээде айтылар,
Мен мезгилге коңгуроодой кагылдым,
Ар ырымдын үтүрүндө тагдыр бар,
Ар сөзүндө тамыры бар жанымдын.

Күн кечирдим, коюнума таш катпай,
Алоолодум кол жетпеген максаттай.
Ташбараңга алчуну тик карадым,
Ташбакадай таш тонума баш катпай. (II т. 337 –б.) – деген өз чыгармачылыгы туурасындагы поэтикалык резюмесинде эч калет жогуна окуучусу ишенет.

            Жогорудагы акындын чыгармачылыгы туурасындагы азыноолак ой-пикиримди жыйынтыктап жатып акырында айтаарым, эл үнү болуп, чын дилден, атуулдук сүйүү менен Ата-Мекенине, адамзатка ак кызмат кылган Сизге таазим, арстан жүрөк алп акын, улуу талант, бар болуңуз!

            Кыстырма: Биздин макалабыздын тышында акындын арзуу лирикалары, төрт саптары, поэмалары, ата-эне, Ата-Мекенге сүйүүсү, арноо ырлары ж.б. кала берди. Алар тууралуу да өз учурунда окурмандары, адабиятчы, сынчылар көптөгөн жылуу пикирлерин айтышкан. Анатай акындын өзү, чыгармачылыгы жана чыгармалары тууралуу дагы айтылчу сөздөр алдыда.

Лайли Үкүбаева, Филология илимдеринин доктору, профессор

16.05.2025

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top