Ай Көл

Кубатбек Жусубалиев менен жолукканда

Редакциядан жазуучу Кубатбек Жусубалиевге жолугуп маек куруп келүү мага тапшырылды. Бир эле “Муздак дубалдарын” окудум эле, кандай болор экен деп бир аз тайсалдадым да, барууну чечтим.

Жошолу айыл өкмөтүнөн бир киши: “менин коңшу айылымдан болот, жолдон түшүп 100 метрдей басасың. Үйлөрдөн обочороок, тоонун бооруна жармашкан кызыл үй” деп түшүндүрдү. Гүлчөгө барып такси котордум. Кыргыз филологиясын бүткөндөр менен табышып калыппыз жеткиче жазуучу тууралуу да, башкалар тууралуу да сүйлөшүп бардык. Бир айыл өкмөттөгү айылдар бир узун жол менен эле катар жайгашыптыр. Алайдагы эң чоң айыл өкмөт да Жошолу экен. Жолдон “Кыз эмчек”, “Миязды” деген айылдардан өткөн соң Кердегейге келдик. “Кызыл тоонун бооруна кызыл кумдан там салган” дейт бу кишини. Үйү анабу, бул талааны аралап бара бер, ийгилик!”, – дешти да кетип калышты кесиптештер. Дароо жалгыздай түштүм. Өтө чоң эмес бак-дарактар, шуулдаган теректер курчаган кирпичтен мыкталып курулган өзгөчө үй экен. Менин алдымда бир жигит багына кирип кеткенинен ошол чыкканда маанайын, сүйлөшөр-сүйлөшпөсүн сурап алайын деп күттүм. Анткени, ал кишини айрымдар менен маанайы келишпесе сүйлөшпөй коёт деп айтышканынан бир чоң редакция бир жумалык материалдарды пландап алып мени күтүп атышса, сүйлөшпөй койсо кантем деп чын эле чочуладым. Ал жигит эшигинин алдына барып “аба, аба!” деп чакырып тура бергенинен башка коңшусуна барсам, мени ээрчитип жөнөдү. “Бу киши жакында ысык жактарга кетип калат, Жамбы деген кызы бар, ошол алып кетет. Элдин жакшылык-жамандыгына катышпайт. Көңүлү келбесе эч кимге сүйлөбөйт” деп эскертти. Чынында толкундандым, чочуладым. Элден башкача, бир кызык кишидей сезилди. Барып айтты да, кетип калды коңшусу. Кол берип учурашты. Жанагы жигит да биздин алдыбызда колундагы табагын таштап чыгып баратыптыр. Кичинекей, заманбап салынган үйдүн алдындагы сөөрүдө мен “корккон” киши менен жалгыз калдым. Жыгач сөөрү, жайылган дасторкондо тоо балы, помидор, шабдалынын эки данеги анан баягы жигит алып келген үстү жабылган чоң табак, 1-2 идиш турду. Герань баштаган 5-6 гүл гүлдөп калыптыр. Алыстан келгенин билдирип, утуру салкын шамал айбанчага башын салган теректерди аралап өтүп согуп турду. Өзүмдү тааныштырып баарын айттым. Бир эле китебин окуганымды, дароо сөз баштап, ылайык суроо берүү кыйынга турганын, журналисттик көп тажрыйбам жоктугун, жаштыгымды, ылайык эмес суроо берип алсам таарынбашын да айттым.

“Чү” дегенде эле чоңдорду туурап берген эки суроом жарабай калды. Жооп бербеди. Бир топко күңгүрөнүп отура берди. Бир нерсе дээрин күттүм.

-Сен мени окуган эмес турбайсыңбы. Кийинки сурооңду бер, – деди.

Студент кезде “Муздак дубалдар” деген китебин бир жолу окуганымды айтсам, “эмнени түшүндүң?” дейт. Ал чыгарманы окуш үчүн окурман алдын ала даяр болушу керектигин, даяр эмес убакта окуганымды, кайталап окууну максат кылып жүргөнүмдү айттым.

-“Адамзат өмүр жолунун башында максат коюп, бирок, канча жашабасын, эмнелерди жасабасын ар бир адамда кандайдыр өкүнүч болот, сиз эч нерсеге өкүнбөйсүзбү?” деп суроо узаттым. 

Бир аз болсо да суроо жакты өңдөнөт. Көпкө угулар-угулбас күңгүрөнүп отуруп, акырын сүйлөп жооп бере баштады. Жанагы теректерге, шамалга суктанганым менен акыры жакпай, ушу токтой турса экен дей баштадым ичимен. Себеби, аба ойлонуп отурганда тыптынч, шамал токтойт да, сүйлөп баштаганда шамал шуулдап үнү угулбай калат. Үн жаздыргычым жарабай калды. Ар бир сөзүн укпай калбайын деп оозун тиктеп отуруп жазып жаттым.

-Эгерде, адам туура, так, таза жашаса, эч качан өкүнүч болбойт. Өкүнүчтүү иштерди кылбай жашоо – адамдын максаты. Мен эч качан өкүнүчтүү иштерди кылганым жок. Өкүнүчтүү иштерди кылбаш үчүн, өкүнбөш үчүн адам өзүн-өзү билиш керек, тааныш керек. Өкүнүчтүү иштер өзүн-өзү тааныбагандыктан чыгат. Адам өзүн таанышы өтө кыйын. Таза жолго түшкөн киши эч качан өкүнбөйт. Турмуштун кыйындыгын жөн эле айтып койсом кургак сөз болуп калат. Буларды мен айтып атканым үчүн булар өзүмө гана тиешелүү.

Адамда улуу максат бирөө эле болот. Бу дүйнөгө эмне үчүн келгениңди билиш керек. Ким сени жаратты, кайдан келдиң, дүйнө кайда баратат, эмне менен бүтөт деген 2-3 суроо бар жашоодо. Адам ошону билиш үчүн жаралат. Ушул суроолорго жооп бериш керек. Улуу максат да ошол.

Буларды айтып атканда даярдап келген суроолорум жарабагандан кийин кийинки суроону не деп берем деп ойлоп жаттым. Сөөрүгө жаңы келип отурганымда күн төбөдөн бир аз кылайып, бутумдун баш бармагына тийип турган. Шамалдын тоскоолдугун эске албаганда жакшы эле сүйлөшүп жаттык. Болду-болбоду өзүм жөнүндө айтып, өзүмө кеңеш сурамакчы болсом кийинки суроомо да жооп аларыма ишендим.

-Мен да ыр жазып, бир улуу дүйнөнүн ичине кирмекчи болуп жүрөм. Түшүнөсүзбү, адам өз алдынча иш кылганда жалгыздыгын сезет экен. Кээде кишилер ушу жашоодо кантип чыдап жашап атышат деген ой келет. Буулукканда ойлорум бышып жетиле элек болсо, ыр жазбай, ыйлап алам. Адам болгондон кийин сиз да буулуксаңыз керек. Андай учурда кантесиз?

-Ыр жазган жакшы касиет. Буулукканда жаралган чыгарма – чыныгы поэзия. Жакшы нерселер ошондон чыгат. Көп окушуң керек. Сен Осмоновду окубайсыңбы? Сен өзүңдү кажып жазышың керек да. Аракет кылып, талантыңды ачышың керек. Убакытты кетирбей ырларды көп жаз, өзүңдү ач. Буулугам деп айтып атпайсыңбы. Ошондой болот баарында эле. Өзүңдү ачсаң – дүйнөнү ачасың да. Мен ырларды орусча жазам. Кара сөздү кыргызча жазам. Адамдын баарында эле бирдей жан дүйнө болот. Өзүң түшүнгөндү жазып, өзүңдү ачып, башкаларга жардам бересиң. Сенин дүйнөңдү окушат. Адамдар өзүн-өзү ачып жазат. Сөз менен өзүн ачып, буулукканын айтууга аракет кылыш керек. Китеп окуйсуңбу? Окуганыңдан пайда болуш керек. Кайсы китептерди окугансың?

Аздыр-көптүр окуганымды айттым. Унчукпады.

-Айтматовдун “Обон” деген повести бар. Кайсы жылы жазды экен, эсимде жок. Орусчасы “Жамийла” болуп кеткен. Эң жакшы чыгармасы ошол. Айтматов жазуучу катары ачылган. Ошону оку. Анын өтө таланттуу киши экенин ошондон байкайсың. А.Осмоновду окусаң, көп жерде өзүн ачкан. Бул акын “Жолборс терисин кийген баатырда” ачкан өзүн. Киши ачылыш керек. Адегенде өзүңдү ач. Ыйлаганың – сенин ачылбаганың. Көп кишилер ачылбай өтүп кетет менимче. Мен “Муздак дубалдарды” жазганда ачылганмын. Ачылбаса андай жаза албайт киши. Өзүңдү ачууга аракет кыл, түшүнөсүң, көп жазгын. Өзүңдү ачканда билесиң, чыгарма кандай жазылат. Өзүнүн жаны, өзү берген акылы, сезими, жан дүйнөсү ачылат. Ошондо чыгарма пайда болот. Ачылбаса чыгарма пайда болбойт.

Бул кезде жазуучу үнүн бийик чыгарып, көбүрөөк сүйлөп бере баштады. Ачылып баратат го деп койдум. Баягы бутумдун бармагына тийип турган күн тиземе коюп жазып аткан чөнтөк дептеримден көтөрүлүп, оң колумду өөп турду. Аттап-буттап, өзүм түшүнгүдөй кылып жазып жаткан колумду жогору кылганымда күн жыттанып кетип атты. Чын, ошондой жыттанды. Күн биздин маекке кызыккандай улам шыкаалай баштаган кез.

Жашоодогу ишеним жөнүндө да айтып бериңизчи, аба.

-Кудайдан ашкан улуу ишеним жок. Кудай – өтө улуу ишеним. Ислам – адамды улуулукка, жакшылыкка үндөгөн улуу илим. Хрестиан дагы улуу илим болгон.

Бул аралыкта кай жактын кызы экенимди, үй-бүлөмдү сурап өттү.

-Улуулуктар ар кандай болот. Чыныгы ишеними бар кишилер орус, кыргыз, өзбек, же башка дебейт. Эч качан бирөөнү жаман көрбөйт, тышына карабайт. Анткени, алар өзү түшүнөт. Азыркы күндө ар кандай улуулукка үндөгөн диндер, ишенимдер бар ошолор биригет. Ошолорду бириктире турган улуу доордо жашап атат адамзат. Кыйын, бирок, улуу доордо жашап атабыз. Диндер ар кандай жолдор сыяктуу. Баарынын акыр түбү бир улуулукка биригет. Жөнөкөй айтканда, жаманды да, жакшыны да, жаман жазуучуну да, жакшы жазуучуну да жараткан бирөө болот да. Ошондой ишенимге адам келиш керек. Ишенимге келген киши кечиримдүү болот. Кечиримдүүлүк – улуу Кудайдын касиети. Ошондой ишенимде динге адамзат биригет.

Дүйнөнү адам, же идея башкарбайт. Адамды сүйүү башкарат. Адамзатын сүйүү башкарат. Азыр ошого кетип атат. Улуу кишилер баары ошого ишенген. Өзү аркылуу сокур ишеним эмес бул. Аябай окуп, өзүн ачып отуруп ушуга келген. Сен да ачылганда ушуга келесиң. Бул өтө улуу ишеним. Ишеним деп ушуну айтат.

Атың өзгөчө экен. Ат жөн койбойт бирок. Сенде кеп “Бүбү” дегенде болуп жатпайбы. (Арасында “кызым” деп да кайрылып жатты. Ысымым жөнүндө дагы бир нерсе айтар бекен деп күттүм.)

Сен көп… Азыр жашаш кыйын. Жашоого өзүң аракет кыл.

-Аба, жашоонун чындыгы жөнүндө да айтып бериңизчи.

-Жашоонун чындыгын эч ким билбейт. Билүүгө аракет кылыш керек. Ким жаратты? Кайдан келдиң? Эмне үчүн жаратты? Кайда баратат адамзаты? Аягы эмне менен бүтөт? Башталган нерсе бүтүш керек да. Ушулардын баары чечилгенде улуу чындык пайда болот. Улуу чындык бар өзү. Аны сага “балп” этип айтканга болбойт. Өзүң билип жетишиң керек. Өзүң тап. Улуу чындык деген бар. Мага, сага эмес, бүткүл адамзатына тиешелүү чындык бар. Силерди, айрыкча кыз балдарды аяп эле сүйлөшөм. Алыстан келипсиң ысыкта. Болбосо мен кишилер менен сүйлөшпөйм. Пайда жок да.

Эй, чындыкты билгенге аракет кылбайсыңбы? Бар экен да көрсө. Будда пайгамбар деген болгон. Мухаммед пайгамбар исламдын пайгамбары. Пайгамбарлар ар бир доордо адамзатындагы караңгылык көп жерлерге түшүрүлгөн. Аравия өтө караңгы болгон.

Бир согуштан кийин бир киши Мухаммед пайгамбарга суроо бериптир. Мен сага исламдын так, жетер жерин айткым келет. “Кудайдын элчиси, сиз улуу жихат, кичүү жихат дедиңиз. Кичүү жихат кичүү согуштар экен, улуу жихатчы?” дейт.

“Жихат” деген кырып-жоюу деген сөз. Адамдар өтө пас болот. Караңгылыгын, пасчылыгын кырып-жоюу керек. Жихат деген ошол. Пасчылык – аябай караңгылык. Адамдар караңгылыкка, пасчылыкка толгон. Ошону кырып-жоюу болот дептир. Өзүнүн үстүнөн күнү-түнү иштөө, өзүн тазалоо дептир. Пасчылыкты билесиңби. Дүйнө таза адамдардан туруш керек.

“Сен “ы-ы” дей бербей ук, муну жазгандан мурда жакшылап түшүнүп ал” деди капыстан. Сөздөрүн текке кетирип албайын деп ар бирин жазып отурган мени “мени карап угуп, түшүнүп отур” деп өзү сөөрүгө жөлөнө кетти. Жазганымды койдум да эстеп калууга тырыштым.

-Пайгамбар дин таратып атканда кишилер биринчи баш ийбеген. Илгери адамдар өтө эркин болгон. Пайгамбар жигиттери менен шаарга кирип баратканда силерге окшогон сулуу кыздар таң калып карашкан. Бирок, алар кыздарды карабай аттын жалын карап жүрүшчү экен. Тике карабаган. Мусулмандар ошондой. Пайгамбар өтө кызык, жөнөкөй киши болсо керек. Өтө чоң абийирдүү, ички сулуулугуна таң калышчу экен. Согуш жолдо эле калат.

Бул убакта күн кызыгып-кызыгып эңкейип отуруп чыкыйдын өзүнө тийип, баш ооруп чыкты. Сөз уланып жатты.

-Адамзаты улуу чындыкты иш катары алып жүрө билиш керек. Ысыкта келгениң үчүн эле сүйлөшүп атам. Анын үстүнө менин оо жашымдан бери жакшы көргөн кишилерим ноокаттыктар. Ноокаттан тарбиялуу, адамгерчиликтүү, көп жакшы кишилер чыгат. Көп жакшы кишилер ноокаттыктар болот. Мурза деген группалашым болгон. Көп жылдан бери байланышпай калдым. Силердин урууңар эмне? Отуз уулдун Бөрүсүнөн болом дедим мен. Ээх, ошондоой. Мен бак сугарып атам.

Сүйүү жөнүндө сурайын деп барып кийинкиге калтырдым. Анткени, сөз арасында кийинки жолу “Муздак дубалдарды” окуп түшүнүп келем дедим. Кубатбек аба айтат, “бирөө чыгармаңды түшүнбөдүм деп келиптир. Бир жолу оку, түшүнбөсөң эки жолу оку, дагы түшүнбөсөң үч жолу оку, түшүнөсүң. Мен эмне Айдан түшүптүрмүнбү. Мен деле турмушту жазам дедим” дейт.

Шашып берген акыркы суроом: “учурда кандай чыгарма жазып жатасыз?” деген болду.

-Мен күндө чыгарма жазам. Тынымсыз жазам. Ырды орус тилинде жазам дебедимби. Азыр ошону жазып атам. 3 том болуп калды. Мейли, жакшы бар. Кийин келем деп шашылбай коюп жүрбө. Убакыт аз… 

Шашыл, убакыт аз дегенин жогоруда коңшусу айткан жылуу жакка кетерине жорудум да, коштошуп жолго чыктым. Такси күтүп тура бергенден көрө баса берейин, жолдон чыгар деп, жогоркуларды электен өткөрүп ойлоном деп отуруп жөө экинчи айылдын аягына жеткенде машина келди. Бала кезден күнүнө 10 чакырым жөө баскан мага эч нерсе билинбеди деле. 

Кийинки жолу көп окуп түшүнүп барам, Кубат аба. Сүйүү жөнүндө сөзсүз сурайм. Аман болуңуз!

Ошол күндүн эртеси Кубатбек Жусубалиев “Кыргыз эл жазуучусу” наамын алды деп уктум.

Бүкалча Маматали кызы

2019-жыл, 28-август.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top