
Табийгатка ыракмат!
Күүлөндүрөт, күчтөндүрөт бир арман,
Күндө кирип, түндө кирип түшүмө.
Чет өлкөдөн чыкпаса да чыгармам,
Черткен күүмө чегирткелер түшүнөт.
Балалыктан түшүп калган көк асман
Баягыдай мени карай жүгүрөт.
Мына кызык: данеги бар сөз тапсам,
Менден бетер кумурскалар сүйүнөт.
Көлчүктөгү кичи толкун, добуштар
Курбаканын коштоосунда жаралат.
Көз тайгылткан алтын коңуз, коңузжан,
Көөдөнүмө ийне сайып кадалат.
Жылдыз курттар – чейрек ууртам суу ичип,
Жылт-жулт этип, жылып жүргөн чырактар.
Мындан артык баш байге жок мен үчүн,
Миң ыракмат, табийгатка ыракмат!
Жаштыкка эмне жетсин
Секирем, так секирем жолборстордой,
Секиден жалама зоо, аскаларга.
Кылчайып артка кайтпайм орто жолдон,
Кылчалык окшобостон башкаларга.
Сүйүүнүн бүлүндүрүп чек арасын,
Сезимге тоо томкорткон кандай кубат?!
Өзгөчө өзгөрүлгөн көз карашым –
Өрттөнгөн, өрттө бышкан кайнар булак.
Элиме боорум ачык, доорум жарык,
Эркимди тик тургузуп тикеледим.
Эң өжөр эңсөөлөрүм орундалып,
Эркиндик энчим болду жеке менин.
Дүйнөгө батпай-сыйбай кычыраймын,
Дүңгүрөп айлар, жылдар өтө берсин.
Жалбырттап жалын чачам, чачыраймын,
Жаштыкка, жашарууга эмне жетсин!
Жазылбайт
Аркырап, шаркырап турбасаң,
Артка эмес, алдыга жылбасаң,
Ааламга аруулук сунбасаң,
Алтын ыр казылбайт, жазылбайт.
Сырыңды кыр ылдый төкпөсөң,
Сыртыңда, ичиңде өспөсөң,
Бири кем дүйнөдөн көчпөсөң,
Биз арзып күткөн ыр жазылбайт.
Жашоону оңду-сол бөлбөсөң,
Жашыңдан жакшыга көнбөсөң,
Түшүңдө Кудайды көрбөсөң,
Түбөлүк бүтпөс ыр жазылбайт.
Элиңди, жериңди ачпасаң,
Эң бийик ашуудан ашпасаң,
Эртерээк өзүңдү ачпасаң,
Эч качан терең ыр жазылбайт!
Жүрөктүн түбүндө эмне бар?
Жүрөктүн түбүндө эмне бар,
Жүлүндү сызгырган кайгыбы?
Оо, кайсы перизат, пендезат
Ойготпой олтурат кайрыгын.
Жүрөктүн түбүндө эмне бар,
Жаштыкты шаштырган шаттыкпы?
Темирдей теминген кезде ал,
Теңирден жөө-жалаң качтыкпы?
Жүрөктүн түбүндө эмне бар
Же сенин, же менин сөзүмбү?
Күттүрөт шыбакзар, эрмензар,
Күзгүдөн карайын өзүмдү.
Жүрөктүн түбүндө эмне бар,
Купуя, куп, уяң сыр окшойт.
Бул дүйнө кимге кең, кимге тар,
Биз билбес түпкүрдү ыр жоктойт…
Алыкул Осмоновго
Оболу баарынан башка элең,
Озунган карлыгач сапта элең.
Оргуган отуз беш жашта элең,
Осмондун өрт уулу Алыкул.
Ыр менен оозанып оожалдың,
Ырас, сен жүз жылды оодардың.
Байыркы көчмөнсүң, көк жалсың,
Байкасам мен сени, Алыкул.
Маанайың жайдары эзелтен,
Маңдайың жапжарык, кең экен.
Миң кылым жашайсың сен эртең,
Миң жылда бир келген Алыкул.
Арканды алыска таштадың,
Арышты тереңден баштадың.
Арыба, ар убак таш жаргын,
Алыкул, Алыкул, Алыкул!