
Мен бу шаардын жомогу
Калаа мени алды багып
чаарчык элем көз кайкыган тоодогу.
Эркиндикти өмүр кылгам
сезилчү эмес муң-армандын бар-жогу.
Жете алчу эмес душмандын
жазем билбес жаа огу.
Мен борборго ошентип
сенден калган туяк болдум жапжалгыз.
Төбөсүнөн от күйгөн
таксилери издесе да таап алгыс,
Кустанай деп аталган
кичинекей көчөсү
ата-энеси чакырса да карагыс
асыранды балам бол деп
багып алды.
Жалжал кыз
толгон айдай толукшуп
тереземе келет дагы күн алыс
сурай берет: «Кайсы айылдан болосуз?
Көл түбүнө качан, кантип барабыз?..
Окшош шакек кайдан сатып алабыз?»
Жазы-Кечүүм, жашыба,
сенден калган тулпар минер туякмын.
Борбор шаардын каны болуп кеталбайм,
башка жерден келген бир ууч турпакмын.
Көчөсүнө ысымымды бералбайм,
мен болгону ишин улайм урпактын.
Эркиндикти эңсеген
чаарчык элем үн жетпеген тоодогу.
Жанга жагым жымжырттык да болчумун
жашыл түзөң ойдогу.
Азыр башка тагдыр менен кез болуп,
Көлгө түштү күмүш тыйын колдогу.
Булак көзүн чым басты
күндүр-түндүр күлүп турчу жолдогу…
Четин калды гүл ачпай
тик чокусу көктү тилген зоодогу.
Бийиктикти эңсеген
мен ушундай жан элем,
жетпейт деген бу турмуштун тозогу.
Азыр башка!
Кырк тамырым кырк жактан
жүрөгүмө кадалуучу жаа огу
сыяктанат. А өзүм
бир солк этпес моло ташмын жолдогу.
Ал анткени чок кылат да, муз кылат
бүгүн мени туулуп-өскөн жер жогу.
Мен ушундай бу шаардын
бар экен да, жок экен
деп башталчу жомогу.
*****
Жалгыздыктын зынданына
тынчтык бербес жүрөгүмдү салды элем
колу-бутун тамырларга
байлап ийип бепбекем.
Жалгыздыкты бузам дейт,
сан тамырын бирден санап жулам дейт.
Жалгыздыкта жалгыз калып камалып
жалгыз болуп турам дейт.
Кези келсе кек алар
аскеримди курайм дейт.
Жалгыздыктын зындан-орун талкалап
дос-жолдошко куунайм дейт.
Семетейдей кайып болгон айылдын
бар дарегин сурайм дейт.
*****
Тегеректеп турат тоолор
көлгө түшүп кеткен Жазы-Кечүүнү
суудан чыкса көрөбүз деп,
ай нурунда өбөбүз деп
аңдыйт алар ашык отун берчүүнү.
А мен болсо апакемди
көптөн бери көрбөгөндөй сагындым.
Кайберендин баласындай элеңдеп,
эртең кайра келем деп
жалгыздыктын жазганына багындым.
Көл тараптан чыккан күүгүм
тоо баштарын жеп кетти.
Кара түндү өпкүлөп,
алды жактан от күйөт.
А толкундар көп нерсени эстетти.
Мындан көрү
жердин жети катмарына түшкөндө
Төштүк болуп кетмекмин,
жер түбүнө жетмекмин
ай астынан асыл тилек өчкөндө.
Бакытка жетпей калган сүйүүдөбүз
Борбордо жүрсөм дагы тирлик өтөп,
өзүң деп жашап жатам, Жазы-Кечүүм.
Төрөлгөн күнүмдө да эстей калып,
көзүмдү жаштап жатам, Жазы-Кечүүм.
Жетпетен махабатын эңсеп достор,
үлпөттө үшкүрүнүп ырдап жүрөт.
А менде сенден калган эч нерсе жок:
сүйүү да, тарыхың да же бир сүрөт.
Өзүң жок, өзүңдөгү эркелик жок
тагдырдын түрмөсүнө калдым түшүп.
Тонумду чечип бердим көлүң тоңуп,
өзүңдү калбасын деп кокус үшүп.
Экөөбүз кесилишпес эки жолдун
учунда билик болуп күйүүдөбүз.
Тагдыры кызыл чоктой аптабы күч
бакытка жетпей калган сүйүүдөбүз.
*****
Айлым сенин тагдырыңда мен болуп,
туралбадым туйгунуңдай үн салып.
Жазы-Кечүүм суу алдында деп коюп,
жүрөм бүгүн кайгы аралаш ыр жазып.
Жүрөм бүгүн көздөрүнөн жаш тамган
ырлар жазып, бирдей болуп жаз-кышым.
Жар башына жалгыздык деп аталган
таштап коюп кеткен качып жазмышым.
Түн уурданып арта салган өз колун
күн чыгыштын алган кезде мойнунан,
түшкө кирбес ойлор келип бир сонун
жалгыздыктын туруп кетем койнунан.
*****
Башыма күндү койгун, айды койгун,
айлымды эстей берем эртели-кеч.
Багымда сайрап турган булбул болгун
жеримди унуталбайм эзели эч.
Мойнума зоолу салгын, бутка кишен,
ал жерди туулган айлым дегим келбейт.
Бөтөн эл, бөтөн жерге ак сөз, ишен,
өзүмдү туткун кылып бергим келбейт.
Ырга айлантып ийсе мени бу тагдыр
Эгер тагдыр туура көрүп тил алса
ырга айлантып ийсе мени өлтүрбөй.
Жомоктогу жоголгон журт ыры деп,
ырдар бирөө жарыгымды өчүрбөй.
Ырдар бирөө бу карыптын ыры деп,
гүлдөр гүлгө турган кезде эркелеп.
көл жээгине эч ким келбес эч кимди
арман жайын айтамын деп жетелеп.
Арман жайын айткан дагы, уккан да,
анда мени көл түбүндө деп билер.
Көл түбүнөн жер түбүнө айланган
айыл барын угуп сууга тигилер…
Эгер тагдыр макул көрүп тил алса
ырга айлантып салса мени жакшы эле.
Тээ-э байыркы бабалардын ыры деп
бирөө ырдаса ошол мага бакты эле.
Эстесем сени туулган жер
Ойлосом сени жалгыздык
өмүрүм ырдап турат.
Эстесем сени туулган жер
көңүлүм ыйлап турат.
Дүйнөдөн өтөм безип,
дайраңды кетем кечип.
Календер болуп алып,
ааламды кетем кезип.
Анткени айлым десем,
айлымды элестетсем:
Тамагым калат буулуп,
үн бүтүп, көз жумулуп.
Айлымды таппай келем,
ашык ыр айтпай калам.
Айылга жаттай барам,
Арманга батпай калам.
Демек түнүм— жалгыздык,
демек күнүм – жалгыздык.
Демек сүйүүм- жалгыздык,
демек үйүм – жалгыздык.
Адрес, белгисиз айыл, күтүүнүн күчү жана кат
Баллада
I
Каттар келет
алыстан да, жакындан;
коңшу айылдан,
булуң-бурчтун баарынан.
Бүт дүйнөнүн күн-ай санап тез өскөн
ылдамдыкты медер туткан шаарынан.
Эмгек күнүн баштайт почтамт ушинтип,
күлкү чачып аткан ар бир таңынан.
Ар бир каттын адреси ар башка,
бир-бирине эч окшобойт кол жазма.
Ар адамдын жазмышындай туюлуп,
бир-бирине жакындабайт кол тамга.
Почтамт иштейт
каттар ээсин тапсын деп,
алган үйдүн сагынычын жазсын деп.
Эне кыздын,
уул атанын кагазын
жарык күндүн чыгышынан ачсын деп.
Алыстагы жарын күткөн селкиге
каттар дайым кубанычты чачсын деп,
каттар дайым жаңылыкты айтсын деп.
Күндөгүдөй бүгүн да,
бардык күчүн жумшап коюп каттарга
күү-шаа түшүп почтамт иштеп жатканда,
кызыл таңдын кызылында кызыган
кат бөлүшүү кызыгына батканда
дуу дей түштү,
шуу дей түштү суроолор:
«Мобул каттын адреси башка да?»
«Балким бирөө жаңылыштан жазган да».
«Айтор мунун адреси —
айылы тааныш эмес, башкача!»
«Жазы-Кечүү?..
Мындай айыл бизде жок,
бул туура эмес,
жаңылыштык таптаза».
«Жо-жо-жо-жок!
Айша апага бергиле.
Жазы-Кечүү, Аксакалов Каке дейт,
тааныйсызбы,
билесизби дегиле.» –
Төр тараптан бирөө шундай деди эле
дуу-дуу өчүп
күбүр-шыбыр күч алды:
«Баса мурда мындай айыл бар беле?»
«Болуш керек…»
«Колхоз им. Чкалов дейт, капырай,
Токтогулда айылдар көп огеле.
Укпаптырмын а бирок
мындай колхоз, айылды мен дегеле.»
Айша апа Жазы-Кечүү кыштагын билбегендерге а кыштактын тарыхынан кыскача аңгеме куруп берген экен. Токтогул көлү пайда болгондо бул айылдын эли журт которуп, эки жерге — айрымдары Кызыл-Ураан, көпчүлүгү Кара-Суу деген кыштактарга көчүп кетишкенин, ал мурда «Үч-Терек» совхозунун 6-фермасы аталганын, андан илгери Чкалов жана Ворошилов деген эки колхоз болгонун төкпөй-чачпай айтат. Ал эми Каке деген ысымдын эмнегедир тааныш экендигин билдирет да, сураштырып отуруп ал адамдын Кара-Суу кыштагына көчүп кеткендигин, азыркы кезде Кара-Көл шаарынын четинде экендигин табат. Адрести оңдоп туруп, катты жөнөтүп жиберишет. Арадан күндөр өткөн соң унутулган айылга адрестелген кат кайра-кайра келе берет. Айша апа эч ноюбай жаңы адрести жазып жөнөтүп турат. Бир ирет анын ачуусу келет да, кандай эме жазды экен, адрес дегенди билишпейби деп, катты ачып окуйт. «Андагы алыскы кыргыз элде, туулган жерде жашап жаткан, балалык кезде моюндашып бир өскөн досум Какеге, мындагы, Урал жериндеги Абазкандан жалындуу салам», – деп башталыптыр да, ыр менен аяктаган экен.
«Каралдым Каке, мен деген,
Арылбайт окшойм кайгыдан.
Эки жыл мурун сапарда
Жол кырсыкка кабылгам.
Жарымдан жана уул-кыздан
Күтүлбөс жерден айрылгам.
Ажырап уул-кыз, теңимден,
Арманда жүрөм эми мен.
Айшанын антын так бузуп,
Алыстап калгам жеримден.
Чыккынчы болгон адамдай
Четтедим тууган элимден.
Уктасам түшкө көп кирет,
Антташкан Айша кайгырып.
Тирүү өлүк болуп жүрөм дейт
Тирүүңдө сенден айрылып.
Ушундан улам айылга
Барсамбы деймин кайрылып.
Ал мени сенден сурайбы,
Атасын кызы билеби?
А кокус азыр мен барсам
Ишке ашар бекен тилеги?..
Күйөөгө чыкса ачык жаз
Күйөөсү анын ким деги?..
Суранам барып Айшага,
Курдаштык кылып салам айт.
Күнөөсүн кечкем, кел десе
Барамын, барып калам айт.
Жалгыздык жанга батты де,
Кырсык иш аны басты де.
Мөгдүрөп турган чагында
Өзүңдү издеп тапты де.
Арылбас адам кайгыдан
Үзүлбөйт экен үмүттөн.
Алыстан жазган катыма,
Ардагым Каке, жооп күтөм».
II
Туура кырк жыл
өмүр-күнүн зарп кылып,
күткөн болчу кыз жигитти зарыгып.
Кырк жыл,
кырк жыл!
Кырк жыл бою эл айткан:
«Абаз өлгөн душман огу жанылып».
Кырк жыл,
кырк жыл!
Туура кырк жыл «Абазкан
эрдик менен өлдү» — деген бир сүйлөм
өңчөй кара тамга менен жазылып
эс-зээнинде сүттөй таза Айшанын
кырк жыл бою тыным албай күн сайын
турган болчу добулбастай кагылып,
жаткан болчу сурайылдай жаңырып!
Андан бери кырк ирет
көк майсаңдуу көкүлүн
суулап тарап жаз келет.
Кош этеги желбиреп
жашыл көйнөк жай келет.
«Эрдик менен Абаз өлдү согушта» –
деген сөздүн чындыгын
же жалганын ким билет?!
Андан бери айтору
так он төрт миң алты жүз
санаа баскан түн кирет.
Андан бери кырк ирет
сары саамай күз маалы
зарыктырып кеч кирет.
«Абаз бир күн келет» — деп
туура он төрт миң алты жүз
…………………………………………
санаа баскан түн кирет.