
“Муратбек Рысбековдун ырларын ак ырлар деп айтып жүрүшөт. Жок, бул ак ыр эмес, Рысбековдун стили. Биз эпос жараткан эл болгондуктан куюлуштуруп жазып, уйкаштык издегенге көнүп калганбыз. Советтик адабият гана бизди дүйнөлүк деңгээлге бир аз көтөргөнү болбосо, көпчүлүгү эле кураштырып, жамактын денгээлинде болуп кала берди. Ыр жазып, жамактаган талант ар бир кыргызда бар, кеп анда эмес, кеп өзүнүн жолун, стилин таап, оюн, көз карашын кагазга түшүрө билүүдө. 60-жылдары Рамис Рыскулов ак ырларды жазып, жогорку деңгээлге чыга алган. Көбү аны туурайм деп жөнөкөй, салттуу уйкаштыктарды сындырып жазып калышкан. А. Мукемдин ырларын ак ыр деп айтууга болбойт. Бул өз стили. Ошонусу менен баалуу.” Нурлан Калыбеков.
“Муратбек Рысбеков – акындыгы менен архитекторлугун куштун эки канатындай алып келе жаткан инсан. Кезинде Нурборборду жетектеп, жаштарга насаатчы болуп, материалдык-моралдык колдоо көрсөтүп келген болсо бүгүн 70 жылдык мааракесин ошол Нурборбор уюштуруп өткөрүүдө. Ишиңиздин үзүрүн көрүп турган чагыңыз. Башкаларга окшобогон, өз стилиңизде жазган ырларыңыз менен чыгармачыл чөйрөдө абройлуу болуп, өз ордуңуз бар.” Малабек Токтоболотов
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн Ж.Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын академиги, акын Муратбек Рысбековдун 70 жылдыгына арналган чыгармачылык жолугушуу кечесинде айтылган пикирлер. Иш чарага келген акын-жазуучулар, кесиптештери, окурмандар автордун дарегине жылуу пикирлерин айтып, чыгармачылыгы боюнча кеп кылышты. “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү акындын ырларынан окуп берип, “Кайбар” ансамбли кеченин шаңын арттырып турду. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Атантай Акбаров куттуктап, жазуучулар союзунун юбилейлик медалын ыйгарды. “Санжыра” борборунун директору, тарыхчы Асыкбек Оморов борбордун атынан “Алтын медаль” тапшырды. Акын Муратбек Рысбековдун 70 жылдыгына арналган иш чаралар акындын туулган айылында ж.б. жайларда улантылат.
“Поэзиядагы маданият – баарынан мурда, бул акындын окурманга мамилесине, ойдун тунуктугу, сезимдин сылыктыгы, саптардын чыйрактыгы, ырааттуулугу, элпектиги, сергектиги, сулуу кыздын чачындай өрүлүшүп, же өркөчтөнүп, тармалданып турушу. Бул атрибуттардын бардыгы Муратбектин ырларында бар экендиги байкалды. Лирикалык каармандын махабат дүйнөсүн өзүнө гана таандык ыкма менен кабылдашы кандайдыр жаңылык катары туюлду. Саптар салттуу поэзиядагы акындарды туурабай, башкача ракурста жазылган. Муратбек өз бетинче, өз чыйырын салып бараткан, өз стили, өз үнү, өз интонациясы бар жаңычыл новатор акын.” Эрнис Турсунов, “Үндүү жарык” китебинен.










