
Идея
Бир ирет биздин устатыбыз Нурлан Калыбеков көчөдө ойго батып басып келе жатса алдынан шаша-буша Алтынбек Исмаилов менен Жылдызбек Турсунбаев агабыз чыга калып “ассалоому алейкум” деп саламдашкан дейт. Чочуп кеткен агайыбыз: “Оо, атаң оозун урайын, жубарымбектер, учурашпай эле өтө берсеңер бирдеме болосуңарбы?! Эргүүнүн баарын качырып, уйкаштыктын баарын учурдуңар” деп тилдеген экен.
Анын сыңарындай, эргүү келип турганда, таттуу ойго жетеленип, кыялданып баратканда ошол эйфориядан чыккыбыз келбей, жетеленип кетмейибиз бар.
Былтыр “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалына катышып жүрүп, ортодо бош убакытта теплоходго түшүп келебиз деп төрт-бешөөбүз камынып жөнөп калдык. “Алыкул” теплоходуна Эллада Асылбекова, Сезим Толукбаева, Жыпар Кутпидинова болуп түшүп, саякаттадык. Калкылдап сүзүп баратып эргидик, толкудук, таттуу кыялдарга баттык. Мындай учурларда, толкундоолордо жакшы бир ыр жазып алайын дейм дагы, жалкоо жаным ыр жазуунун түйшүгүнөн качып эле башка бир идеяларды илип алып, андан ары алып учуп кетмейим бар. Бул жолу да ошондой болду. Дароо Жыпарга жетип келип ой бөлүштүм. “Кел, Кадырбектин атында фестиваль өткөрөбүз, болгондо дагы ушул жерде, көлдүн үстүндө ыр окуйбуз” дедим. Баары бир акын жан да, түйшүгү, кыйынчылыктары эске келбей эле эргип, “неге болбосун, өткөрөлү” деп колдоп кетсе болобу. Ошол учурдан тарта фестиваль өткөрөбүз деп оолуга баштадык. Ага канча каражат кетет, канча киши болот, каякка түнөйт менен али ишибиз жок. Башкысы, идея бар. Көгүлтүр көлдүн үстүндө, ачык асман алдында акындар ыр окуйт…
Убакыт
Жашоонун шары менен ары тоголонуп, бери тоголонгуча эле жыл жаңырды. Жумушта беймарал отурсак Жыпар келип баягы фестивалды эске салып кетти. Мен эле апенди окшойм десем, ал менден өткөн апенди тура, “көл үстүндө фестиваль өткөрөбүз” деп, тууган-урук, кесиптеш, дос-жар, тааныгандарынын баарына сүйүнчүлөп таштаган экен. Көрсө, алар “качан сүйлөшөбүз, качан уюштуруу иштери башталат” деп күтүп атышыптыр.
Айтылган сөз, атылган ок
“Ооздон чыккан түкүрүк, кайра жутсаң макүрүк” дейт. Ырас, фестиваль өткөрөбүз дедикпи, анда өткөрөбүз, чогулуш кылалы деп сүйлөштүк дагы “Жаңы толкундун” жаштарын, Кадырбектин үй бүлөсүн чакырып, кеңеш курдук. Жыпар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенип жаткандыктан, ошол жакка кайрылып, теплоход, коопсуздук маселесин карап берүүсүн өтүндүк. Мындан бир жыл мурун Чолпон-Ата шаарынан Камчыбек деген ага тапкам. Ошол агама кайрылып, бизге мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн сурандым. Ал киши өзү да чыгармачыл инсан болгондуктан аки-чүкүсүн сурап отурбай эле, дароо “жаштардын фестивалын өткөрөм десең эшигим ачык, келе бер” дей салды. Болду, чечилди. Кадырбектин көзү өткөндөн кийин анын атында фонд түзүп, китебин чыгарып, эскерүү кечесин өткөргөн элек. Калган маселени ошол фонддун жоопкерчилигине калтырып коюп, шердене ишке кириштик. Биздин кыялдарыбыз бат эле ишке ашып, оюбуз ордунан чыгып жатканын Кадырбектин шар жүргөн мүнөзүнө, кылчактабай тез чечим чыгарып аткара билген сапатына жоруп койдук.
Күткөн күн келди
Жобо жарыяланганда жаштар жапырт катыша баштады. “25 жашка чейинки жаштар арасында кандай авторлор болор экен, мыкты чыгармалар келер бекен, кимдер катышар экен?” – деп, таанып-билгендерди кол менен санап коюп отурдук. Жыйынтык биз күткөндөн жакшы, 41 автордон келди. Калыстар тобуна жаштардын сырын билген, устаттык кылып жүргөн агай-эжелерибизден өтүнүп, курам түздүк. Ал курам КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Н.Калыбеков, Филология илимдеринин доктору, акын, котормочу А.Эгембердиева, Маданияттын мыкты кызматкери, акын, драматург С.Батыркулова. Калыс карап, финалга 7 авторду тандап беришти. Айдар Рысбеков, Айзат Кудайберди кызы, Айнара Баатырбек кызы, Аниель Куламжанова, Толгонай Сариева, Таңчолпон Маматали кызы, Шергазы Ысаков. Жаңы ысымдар, жаш таланттар.
Көл кылаасында жайдары жүз, жаркын маанайда жаш таланттар топтолду. Атаандаштык, көралбастык, ич күйдүлүк, бут тосуучулук ж.б.у.с. жаман сапаттар булардан адашып калгандай. Булар бүгүн, эртең ат салышып, бири-бири менен таймаш өткөрүп, бирөө жеңилип, бири жеңүүчү болору менен иши жоктой. Бардыгы шатыра-шатман, куунак. Мындай атмосфера иш-чаранын жүрүшүндөгү эскерүүлөрдө, таасирдүү ыр саптары окулуп, ырлар ырдалганда гана көзгө жаш айланып, мукактануу менен коштолуп турганы болбосо, дээрлик соңуна чейин жакшы маанайда өттү.
Фестивалдын тизгинин таланттуу уул-кызыбыз Темирлан Боскеев менен Гүлкайыр Масеитовага карматып, жалпы көзөмөлдөп турдук.
Алгачкы күнү фестивалдын ачылышы болуп, ага алыстан келген меймандар, Кадырбек сыйлаган, Кадырбекти сыйлаган устаттар, улуу-кичүү баары катышты. Алгачкы болуп фестиваль өткөрүп жатып, алгач ирет сөзгө чыгып сүйлөгөн Керимбек Абакиров да кайратына келип, жаштардан, келген меймандардан дем, шык алып, эл алдында жашыбай, жалындуу сөздөрдөн сүйлөп, уулу менен сыймыктанарын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Нурбек Маамытбаев, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, Ч.Турсунбеков атындагы коомдук фондунун негиздөөчүсү Нуржан Тентимишова, акын, котормочу Алтынбек Исмаилов, акын Эрлан Жумагазиев, Кадырбекти окутуп, билимин берген мугалими Сыбаркүл Мусапыровалар сөз сүйлөп, Кадырбекти эскерип, анын адамдык сапаттары, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири кеп кылышты.
Фестивалдын ачылыш салтанатын “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш таланттары Раиса Акылтай кызы, Кайрат Шаршенгазиев, обончу Түмөнбай Колдошов, Эллада Асылбекова, Нуржигит Молдояров, Толгонай Сариева, Нуржигит Асановдор концерттик программа менен коштоп берди. Соңунда финалисттерге чүчү кулак тартылып, ирети аныкталып, калыстар тобу тарабынан беш сөз (толкун, закым, милте, шүүдүрүм, көлөкө) берилип, 3 куплеттен кем эмес, 5 куплеттен ашпаган ыр жазуу тапшырмасы коюлду.
Көл үстүндөгү поэзия
Катышуучулардын баары калкылдап көл үстүндө сүзүп бараттык. Бул жолу мурдагыдай толкунданып, андагыдай эргип идеялар келген жок. Ушул иш-чарабызды жакшы өткөрүп алсак экен, максатыбызга жетсек экен деп түйшөлүп турдум. Бир чети уюштуруунун жоопкерчилиги менен алек болгонум деле дурус болгон чыгар. Болбосо, дагы бир идеяны илээштирип келет белем, ким билет?.
Бизде убакыт тар болгондуктан, анүстүнө аба ырайы кескин өзгөрүп, штурм болуп жаткандыктан негизги ишке өтүүнү эп көрдүк. Чүчү кулак боюнча катышуучулар биринен сала бири ырларын окуп, калыстар тобунун сынынан өтүп жатты. Финалисттердин көркөм окууларын биздин ырчы улан-кыздарыбыз коштоду. Дээрлик бир саатка созулган поэзия кечеси жаштардын демине, табиятка, толкунга шайкеш келип турду. Жан дүйнөбүз арууланды, сапарыбыз ары уланды.
Кечинде жаштарды бир кылка тизип отургузуп алып Түмөнбай Колдошов эргиди. Узакка чейин төгүлдү. Артынан поэзия кечеси уланды. Жылдызбек Турсунбаев тамадалык талантын ачып, мыкты оюндарды уюштуруп турду.
Бул аралыкта калыстар тобу бир чечимге келе албай талашып-тартышып турушту. Биринен-бири өткөн жаш таланттардын ырларын кайрадан кайталап окуп, берген беш сөздүн тегерегинде жазылган ырларды талкуулап отуруп, акыры жыйынтык да чыкты. Калыстардын чечими менен баш байге Айдар Рысбековго ыйгарылды. Айнара Баатырбек кызы 1-орун, Шергазы Ысаков 2-орун, Айзат Кудайберди кызы 3-орунга ээ болду. Ал эми Аниель Куламжанова, Толгонай Сариева, Таңчолпон Маматали кызы жигердүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды. Булардын ортосунда дээрлик чоң айырмачылык болгон жок, бирден-экиден гана упай айырмачылыктар болду.
Кырчындагы кызыктар
Жыйынтыктоо салтанаты эмоцияга бай болду. Бийик тоолор, арча, карагайлардын фонунда, шаркырап аккан суунун боюнда сыйлоо аземи өттү. Сыйлык ээлерин куттуктадык. Ырдадык, ыйладык, бийледик, ойнодук, айтор ээн талаада эркин жүрүп, эргип эс алдык. Жигердүү катышкан авторлорго диплом, 5000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды. 3-орунга 15 000 сом, диплом, 2-орунга 20 000 сом, диплом, 1-орунга 30 000 сом, диплом, баш байгенин жеңүүчүсүнө 50 000 сом, диплом жана Кадырбек Аблабековдун элеси түшүрүлгөн статуэтка тапшырылды. Соңунда Кадырбекке багыштап куран окуп, элесине таазим кылып фестивалды расмий түрдө жаап, борборго кайттык.
Үч күндүк фестиваль – үч бөлөк жерде өткөнү да жаштарга зор таасир этти. Алгач, тар чөйрөдө башталып, кийин көңүл толкуткан, жүрөк опкоолжуткан көл үстүндө, андан соң бийик тоо, мейкин талаа, кооз жаратылышта. Чыгармачылык да ошондой эмеспи. Алгач тар бөлмө, тар чөйрөдө такшалып келип, чоң мухитке кирерде толкунданып, аны менен катар коркуп, апкаарып, анан барып мейкиндикти бийиктен карап, жасаган эмгегиндин кооздугунан ырахат аласың. Ылайым, жаш таланттар ушул бийиктиктерге жетип, эмгеги менен элге жагып, ырларынан ырахат алып жашасын.
Көзү тирүүсүндө “Жаңы толкунду” жетектеп, жаштардын башын бир түндүктүн алдына бириктирип жүргөн Кадырбек инибиз, көзү өткөн соң дагы бир ирет жаштардын башын бириктирип турат. Бул саамалык 2 жылда бир уюштурулуп турарын эске алганда, али алдыда далай жаштардын башын кошоруна ишенебиз.
aikol.kg сайтынын башкы редактору Нурбек Маамытбаев
Сүрөттөр Калыс Жумадиловго таандык




























































