
КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын 2-күнү Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы паркта, Панфиловдун эстелигинин алдында 8-Гвардиялык Панфилов дивизиясынын согуш ардагери С.Жусуевди эскерүү-реквиеми менен башталды. Иш чара Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
КР Мамлекеттик гимни менен ачылган салтанатта Юстициянын Генерал-лейтенанты Курманбек Осмонов, КР Эл акындары Карбалас Бакиров, Кожогелди Кулуев, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдор сөз сүйлөп С.Жусуевдин баатырдык эрдиктери баса белгиленип, ал согуштун жана тынчтыктын тарыхын өз тагдыры аркылуу сүрөттөгөн улуу инсан экендиги айтылды.
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук Маданият жана искусство университетинин студенттери акындын ырларынан көркөм окуп берип, КР Эл артисти Асылбек Өзүбеков “Кош жылдыз” ырын аткарып берди.
Күндүн экинчи жарымында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов кампусунда “Мезгил кайрыктары” аттуу адабий-музыкалык кече өттү. Аталган университеттин С.Жусуев атындагы борбору тарабынан даярдалган кече жогорку деңгээлде болду. Студенттердин чеберчилик менен чагылдырган согуш темасындагы сахналык көрүнүштөрү, “Курманжан Датка”, “Канат менен Зарина” поэмаларынан үзүндүлөр көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алды.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Акымбек Абдыкалыков, Философия илиминин доктору Калбүбү Сариева, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадыровалар баяндама жасап, С.ЖУсуевдин чыгармачылыгы жөнүндө кеңири ой бөлүштү.
Соңунда иш чаранын катышуучулары университеттин С.Жусуев атындагы борбору менен таанышып чыкты.


















