
Кыргыз адабиятынын классиги, новатор акын-котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Эл аралык Алыкул Осмонов фонду тарабынан уюштурулган “Алыкулга таазим” аттуу поэтикалык кече А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында болуп өттү. Кечеде Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш коюлду. Студенттер Алыкулдун ырларын көркөм окуп беришти. Алыкулдун образын кемелине келтире аткарып жүргөн “Учур” театрынын актеру Чыңгыз Мамаев көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкоосуна арзыды. Актерлор акындын ырларынан окуп, котормолорунан монолог айтып берди.
Эл аралык Алыкул Осмонов фондунун президенти Бек Осмонов чыгармачыл жамаатка ыраазычылыгын билдирип, жакында эле түзүлгөн фонддун аткарып жаткан иштерине токтолуп өттү. Акындын 110 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар пландалгандыгын айтып, акындын тандалган ырларын жана поэмаларын китеп кылып чыгарып жаткандыгын кошумчалады. Алдыда А.Осмонов тууралуу документалдык тасма тартылары, ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Түркияда 110 жылдыгы белгиленери, Грузияда иш-чара өтөрү жана жаш акындар арасында поэзия фестивалы уюштурулары тууралуу маалымат берди.








