Ай Көл

Раиса Акылтай кызынын “Эшигимди ырлар ачты” аттуу поэзия кечеси өттү

Бүгүн “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү Раиса Акылтай кызынын көркөм окуусунда “Эшигимди ырлар ачты” аттуу поэзия кече болуп өттү. Поэзия кече КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын демилгеси менен уюштурулду. Поэзия кечеде кыргыз акындары А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Эргешов, А.Токтомушев, Т.Кожомбердиев, А.Акималиев, Т.Муканов, З.Ажыматов сыяктуу бир нече акындардын ырлары окулуп, обондуу ырлар менен коштолду. Ыр угууга келген күйөрмандардын бир бөлүгү залга батпай, кайра кайтууга аргасыз болду. Зал толгон меймандар бир саат бою поэзияга арбалып, ырахат алып кайтышты. Аталган поэзия кече телеформатка ылайыкталып тартылды жана aikol.kg сайты аркылуу жалпы көрөрмандарга тартууланат. Эл аралык Алыкул Осмонов фондунун колдоосу менен мындай поэзия кечелери ар бир ай сайын өткөрүлүп турмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top